Түркия Ооганстанга медициналык жардам жөнөттү

Коронавирус менен күрөшүүнүн алкагында ушул убакка дейре 125 өлкөнүн жардам суранычын камсыздаган Түркия тизмеге дагы бир жаңысын кошту.

1434158
Түркия Ооганстанга медициналык жардам жөнөттү

Түркия , жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) менен күрөшүп жаткан Ооганстанга арскердик жүк учагы «Кожа Юсуф» менен анализ чыгаруучу комплектиси, дем алдыруучу аппарат, бет кап жана дары-дармек жөнөттү.

Коронавирус менен күрөшүүнүн алкагында ушул убакка дейре 125 өлкөнүн жардам суранычын камсыздаган Түркия тизмеге дагы бир жаңысын кошту.

Саламаттык сактоо министрлиги, президент Режеп Таййип Эрдогандын буйругу боюнча Ооганстан үчүн ар түрдүү саламаттык сактоо материалдарын даярдады.

Даярдалган медициналык каражаттар жүк ташуучу унаа менен Этимесгуттагы аскердик аэропортко алып келинди. Бетинде Түркия-Ооганстан желектери орун алган жүк пакеттери, бомба издөөчү иттер менен текшерилгенден кийин аскерлер тарабынан аскердик жүк ташуучу учак А400Мге жүктөлдү.

Жүк кутуларынын бетине Азирети Мевлананын «Үмүтсүздүктүн артында канчалаган үмүттөр бар. Караңгынын артында канчалаган күндөр бар» сөздөрү менен «Түркиядан Ооганстан калкына сүйүүбүздү жолдойбуз» деген жазуулар орун алды.

«Кожа Юсуф» аттуу аскердик жүк учак материалдар жүктөлгөндөн кийин Ооганстандын борбор калаасы Кабулга учуп кетти.



Тектеш кабарлар