Террористтер жок кылынды
Террористтерге каршы операциялар уланып жатат.
Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Ирактын түндүгүндө жүргүзүлгөн аба операциясында жикчил террордук уюм ПККнын 8 террористи жок кылынды.
Улуттук Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, чалгындоо жана байкоо салуунун негизинде ПКК террористтеринин Зап жана Хафтанин шаарларында аныкталгандыгы белгиленди.
Билдирүүдө: «Биз кайраттуу жана чечкиндүүбүз. Террордук уюм ПККнын Ирактын түндүгүндөгү уюктарын жок кылууну улантып жатабыз. Зап жана Хафтанин аймактарында чалгындоо жана көзөмөлдөө жолу менен аныкталган 8 PKK террористи күтүлбөгөн аба операциялары менен зыянсыздандырылды»,-делди.
Бир тараптан Сириянын түндүгүнөн жана Ирактын түндүгүндөгү лагерлерден качкан ПКК мүчөсү 2 террорист коопсуздук күчүнө багынып берди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.