Шырнак жана Элазыгда жүргүзүлгөн операциялар
Жүргүзүлгөн операцияларда 4 террорист жок кылынды.
Шырнактын Силопи жана Элазыгдын Арыжак районунун элетинде жандармерия командирликтери тарабынан жүргүзүлгөн операцияларда 4 террорист жок кылынды.
Ички иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда ички коопсуздук операцияларынын негизинде Шырнактын Силопи районунун элетинде жүргүзүлгөн операцияда 2 террорист жок кылынды.
Элазыгдын Арыжак районунун Гөреседаг аймагында чыккан кагылышууда 2 террорист өлүү колго түшүрүлдү. Аймакта операциялар улантылууда.
Ошол эле учурда ички иштер министри Сүлейман Сойлу соцтармактан берген маалыматында Шырнактын Силопи районунун элетинде 2, Элазыгдын Гөресе тоолорунда 2 террористтин дагы жок кылынганын белгилеп : «Өлкө ичинде жалпы террорист саны 445ке түштү. Террор бул өлкөнүн тагдыры болуудан чыгып жатат. Бир аз дагы сабыр жана аракет»,- деди.
Диярбакырдын Силван элетинде облустук жандармерия командирлиги тарабынан ишке ашырылган операцияда 2 террорист жок кылынды.
Кечээ да Иран чек арасында аныкталган ПКК жикчил террордук уюмдун мүчөсү 4 террорист жок кылынган.
Тунжелинин Оважык элетинде жүргүзүлгөн операцияда жок кылынган 6 террористтин бирөөсүнүн Террордон изделденгендер тизмесинде кызгылт сары категориясындагы Садык Акмаз экени белгиленди.