Эрдоган-Трамп сүйлөшүүсү

Президенттик аппараттын коммуникация башкармалыгынын жарыясында, телефондогу сүйлөшүүдө эки тараптуу маселелер менен катар Ливиядагы кризистен баштап аймактагы абалдардын каралганы маалымдалды.

1432164
Эрдоган-Трамп сүйлөшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШнын президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Президенттик аппараттын коммуникация башкармалыгынын жарыясында, телефондогу сүйлөшүүдө эки тараптуу маселелер менен катар Ливиядагы кризистен баштап аймактагы абалдардын каралганы маалымдалды.

Анда, президент Эрдогандын АКШда болгон зомбулук жана талап-тоноо окуяларынын аркасында турган элементтердин, Сириянын түндүгүндө кыймыл кылган ПКК/ПЙД-ЙПГ террордук уюм менен кызматташтык кылгандыгына санааркаганын Трамп менен бөлүшкөнү белгиленди.

Жарыяда эки лидердин Түркиянын деңиздеги кошунасы Ливиянын тынчтык жана ырааттуулукка жетүүсү боюнча жакын кызматташтыктарын улантууга чечим чыгаргандыгы белгиленди.

Ак үйдүн катчысынын орун басары Жадд Дир болсо сүйлөшүү тууралуу жазуу түрүндө маалымат берип, эки лидердин жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) пандемиясынын ашылып өтүлүшү менен Түркия жана АКШнын экономикасынын кайрадан калыбына келип иштей баштоосу үчүн акыркы иш-аракеттерди карагандарын маалымдады.

Анда, «Эрдоган жана Трамп, Сирия, Ливия жана Чыгыш Жер Ортолук деңиз менен кошо эки тараптуу жана аймактык темаларды сүйлөшүштү»,деген сөздөргө орун берди.



Тектеш кабарлар