128 өлкөдөн 80 миң атуул Түркияга алып келинди
Челик, президент жана АК Партиянын башкы жетекчиси Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде чогулган АК Партиянын борбордук чечим чыгаруу жана башкаруу кеңеши тууралуу маалымат жыйын өткөрдү.
Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) катчысы Өмер Челик, жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясынын башынан бери 128 өлкөдөн 80 миң атуулдун Түркияга алып келингенин айтты.
Челик, президент жана АК Партиянын башкы жетекчиси Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде чогулган АК Партиянын борбордук чечим чыгаруу жана башкаруу кеңеши тууралуу маалымат жыйын өткөрдү.
Челик, сөзүндө 1-июндан тарта чет өлкөдө пандемиянын себебинен каза болгон 558 атуулдун 454нүн сөөктөрүнүн да Түркияга алып келингенин маалымдады.
Жыйналышта Европадагы жикчилдик кол салууларга да сереп салган Челик: «Европада үстүбүздөгү жылдын башынан июнга чейин 65 жикчил жана исламга каршы окуя болду. 38и түрк мечити жана мечиттеги жамаатка багытталган. Мындай түрдөгү фашисттерди көрмөксөнгө салгандар, акыры барып булар менен беттешүүгө аргасыз болууда»,-деди.
Өмер Челик Грециянын коргоо министринин «согушка даярбыз» деген сздөрүнө болсо, «мындай түрдөгү жаман тамашаларды кылбагыла, мындай түрдөгү тамашалар маңдайыңызга жабышат»,деген серебин салды.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.