Түркиянын ДЕАШ менен күрөшү

Тышкы иштер министринин орун басары Седат Өнал Түркиянын ДЕАШ террордук уюм менен күрөшкөн бир гана өлкө экенин айтты.

1430112
Түркиянын ДЕАШ менен күрөшү

Тышкы иштер министринин орун басары Седат Өнал Түркиянын ДЕАШ террордук уюм менен күрөшкөн бир гана өлкө экенин айтты. Седат Өнал видеоконфеернция аркылуу өткөрүлгөн ДЕАШ менен күрөшүү эл аралык коалициясынын тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты. Өнал Түркиянын ДЕАШ менен күрөштө алдыңкы орунда турганын баса белгилеп : «Түркия шейиттерди берсе да коалициясынын ичинде ДЕАШ террордук уюму менен күрөшкөн бир гана өлкө»,- деди.

ДЕАШ менен күрөшүүдө 3 айлык көз караштын ишке ашырылышына көңүлдөрдү бурган Өнал Сирияда терроризм менен күрөшүүдө мыйзамдуу өнөктөштүк менен иштөө керектигин жана терроризмдин  кандай түрү болсо болсун баары менен күрөшүү керектигин баса белгиледи.

Тышкы иштер министринин орун басары Өнал Ливиянын чыгышындагы мыйзамсыз куралдуу күчтөрдүн лидери Халифе Хафтердин күчтөрүнө каршы БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечиминин негизинде Ливияда мыйзамдуу өкмөттү колдогонун, тынчтык жана ырааттуулуктун курулушу үчүн аракет кылганын айтты.

Жыйындын акырында жарыяланган билдирүүдө ДЕАШ менен күрөшүүнүн бир гана мыйзамдуу жергиликтүү өнөктөштөр менен кызматташуу ичинде ишке ашырылышы керектиги катталды.



Тектеш кабарлар