5-июнь Дүйнөлүк экология күнүндө 10 улуттук сейил багы ачылат

10 улуттук сейил бактын тобу менен ачылышы болот.

1430127
5-июнь Дүйнөлүк экология күнүндө 10 улуттук сейил багы ачылат

Экология жана шаар куруу министрлиги тарабынан бүткөрүлгөн 10 улуттук сейил багы, 5-июнь Дүйнөлүк экология күнүндө президент Режеп Таййип Эрдоган катышкан салтанат менен ачылат.

5-июнда Анкарадагы Ататүрк маданий борборунун Улуттук сейил багында өткөрүлө турган салтанат менен Стамбулдун Пендик жана Халкалы, Сакария, Самсун, Сивас, Диярбакыр, Трабзон, Батман, Бурса жана Элазыг шаарларында бүткөрүлгөн 10 улуттук сейил багынын тобу менен ачылышы болот .

Экология жана шаар куруу министри Мурат Курум социалдык медиа баракчасы Твиттеринден жарыялаган видеосунда, президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилиги астында 81 облуста 81 миллион чарчы метрдик улуттук сейил бактарын ачууну көздөп жаткандарын белгилеп: «Республикабыздын 100 жылдык мааракесине, 2023-жылга карай бара жатканда өлкөбүздөгү эң абройлуу долбоорлордун бири болгон улуттук сейил бактарыбыз, 1000 жылдык шаар салтыбыздын чагылуусу, шаарларыбызды жана элибизди жаратылыш менен жакындатуучу көпүрө болот»,- деди.

Стамбулда ачыла турган 285 миң чарчы метрдик аянттагы Пендик улуттук сейил багында 11 миң 245 метрдик велосипед жолу, 5 миң 410 метрдик жөө жүрүүчү жол, 4 миң 784 бак-дарак жана 31 миң 066 бадал жана өсүмдүктөр бар.

Халкалы улутук сейил багында болсо 98 миң чарчы метрдик аянтты, 1600 метрдик велосипед жолу, 3 миң 860 метрдик жөө жүрүүчү жол, 4 миң 483 бак-дарак жана 103 миң 506 бадал жана өсүмдүктөр бар.

Мындан тышкары, 180 кишилик мечит жана 40 миң чарчы метрдик аянтка ээ болгон Халкалы улуттук сейил багында 232 чарчы метрдик көлмө жана кооздук бассейн бар.

Жаңы ачыла турган сейил бактар менен Стамбулдагы улуттук сейил бактардын саны 9га көбөйөт.



Тектеш кабарлар