ТИКА Мовританиянын Ковид - 19 менен күрөшүнө колдоо көрсөттү

ТИКА Мовританияда жаңы тип коронавирустан улам 400 үй  - бүлөгө тамак – аш жана тазалык материалдары боюнча жардам берди.

1428810
ТИКА Мовританиянын  Ковид  - 19 менен күрөшүнө колдоо көрсөттү

Түрк Кызматташтык жана Координация агенттиги ТИКА Мовританияда жаңы тип коронавирустан улам 400 үй  - бүлөгө тамак – аш жана тазалык материалдары боюнча жардам берди.

ТИКАдан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда башкармалык Түркиянын Нуакшот элчилиги менен Мовританиядагы жергиликтүү жарандык коом мекемелеринин кызматташуусунда Ковид  - 19 жол ачкан кыйын процессте мовританиялык 400 үй  - бүлөгө тамак  - аш жана тазалык материалдарын камтыган жардамдарды таркатты.

Жардамдарды тапшыруу аземине Түркиянын Нуакшот элчиси Жем Кахяоглу, Түштүк Нуакшот акими Мухаммед Аулд Салек, Ел Мина мэри Мухаммед Абделлахи Оулд Сгари менен Несим коомунун төрагасы, депутат Абоу Сид Ахмед Кхалифа катышты. Элчи Кахяоглу аземде сүйлөгөн сөзүндө : «Бул жардам түрк жана Мовритания элдеринин ортосундагы бир туугандык менен эки мамлекет жана коомдун ортосундагы карым  - катнаштардын күчтүүлүгүн көрсөтүүдө»,- деди.

 



Тектеш кабарлар