Резина кайыктагы качкындар куткарылды

Алардын арасында балдар жана аялдар дагы бар.

1427582
Резина кайыктагы качкындар куткарылды

Измирдин Дикили районунун жээктеринде 45 качкын куткарылды. Алар Грециянын Жээк коопсуздугу кызматы тарабынан түрк кургактык сууларына кайтып келүүгө мажбурланган.

Түркиянын Жээк коопсуздугу командирлигинин билдирүүсүнө караганда, Дикили районунун жээктеринде резина кайыкта баш калкалоочулардын болгондугу жөнүндө кабар алган жээк коопсуздугун сактоочу кеме аймакка барды.

Грециянын Жээк коопсуздугу кызматкерлери тарабынан Түркиянын кургактык сууларына түртүлгөн, арасында балдар жана аялдар да болгон 26 Сирия, 5 Сомали, 4 Гамбия, 3 Конго, 3 Эритрея, 2 Сенегал, Мавритания жана Гвинея улутундагы жарандардан турган 45 баш калкалоочу куткарылды.



Тектеш кабарлар