Эрдоган: "Түркия, пандемия процессинде өзүнө көңүл бурдурган өлкө болду"

Президент Эрдоган, Стамбулда курулган Йешилкөйдөгү "проф.д-р Мурат Дилменер" өзгөчө кырдаал ооруканасынын ачылышында сөз сүйлөдү.

1426640
Эрдоган: "Түркия, пандемия процессинде өзүнө көңүл бурдурган өлкө болду"

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын пандемия процессинде көңүлдөрдү өзүнө бурган өлкө болгонун айтты.

Президент Эрдоган, Стамбулда курулган Йешилкөйдөгү "проф.д-р Мурат Дилменер" өзгөчө кырдаал ооруканасынын ачылышында сөз сүйлөдү.

Эрдоган сөзүндө, «Түркия ээ болгон саламаттык сактоо инфраструктурасы жана жалпы медициналык камсыздандыруу системасы менен пандемия процессинде көүлдөрдү бураган өлкө болду»,-деп айтты.

Эрдоган:«Пандемия мезгилинде 2 айга жетпеген убакытта тейлөөгө киргизген өзгөчө кырдаал ооруканаларынын үлгү алынса боло турган модель экендигине толук ишенемин»,-деди.

Президент Эрдоган: «Дүйнөдө көп сандаган өлкөнүн убактылуу талаа ооруканаларын жана префабрикат ооруканаларды куруп чечүүгө аракет кылган маселени, биз дагы кыска мөөнөттө туруктуу ооруканаларды куруп ашып өтө алдык»,-деп айтты.

Өзгөчө кырдаал ооруканалары тууралуу, «Бул саламаттык сактоо мекемелери өлкөбүздүн жарык жүзү болот»,-деп айткан Эрдоган: «Кудайга шүгүр, бул жерде түзгөн кошумча көлөмгө муктаждык болбостон пандемиянын жайылуу ылдамдыгын үздүк»,-деп айтты.

Эрдоган: «Саламаттык сактоо тейлөөлөрүндө олуттуу секириктерди жасап жатабыз»,-деп айтып, «Өлкөбүзгө жана улутубузга өзгөчө кызмат менен өткөргөн ар бир күндө, бул жолдо таштаган ар бир кадам, алган ар бир демибизде Аллага шүкүр кылдык»,-деп айтты.

 



Тектеш кабарлар