Эрдоган: «Жаштарыбызга күчтүү Түркияны калтырып кетүүгө чечкиндүүбүз»

Президент Эрдоган, жаңы оорукананын ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

1425863
Эрдоган: «Жаштарыбызга күчтүү Түркияны калтырып кетүүгө чечкиндүүбүз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, жаштарга чоң жана күчтүү Түркияны калтырып кетүүгө чечкиндүү экендиктерин айтты.

Президент Эрдоган, Стамбул Санжактепе Проф. Dr. Фериха Өз тез жардам ооруканасынын ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

Эрдоган, дүйнөдөгү көптөгөн өлкөдө жаңы типтеги коронавирус пандемиясынын себебинен саламаттык сактоо системасы жабыркаган ушул мезгилде, Түркиянын учурдагы мүмкүнчүлүктөрдү эң жакшы пайдаланып жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратуу менен өзгөчөлөнгөндүгүн айтты.

Президент Эрдоган: «Түркиядагы саламаттык сактоо тармагынын деңгээлинин эң айкын мисалы болгон бул ооруканалар биздин мамлекетте дарыланууну каалагандарга кызмат көрсөтөт»,-деди.

Президент Эрдоган: «Ушул тапта 190дан ашуун мамлекет жардам сурады, бирок биз 90дон ашуун өлкөгө медициналык каражаттарды жөнөттүк»,-деди.

Эрдоган: «Пандемиялык мезгилден кийин, биздин медициналык мекемелерибиз жана жалпы медициналык камсыздандыруубуз ийгиликтүү модель катары дүйнөлүк деңгээлде көбүрөөк көңүлдү бурат»,- деп айтты.

Түркиянын бул багытта өз максаттарына карай алга илгерилей турган сызыкта экенин, өлкөгө багыттала турчу дагы көптөгөн кызаттар бар экенин айткан Эрдоган: «Түркия сөзсүз (республиканын негизделгенинин 100 жылдыгы) 2023-жыл максаттарына жетет. Жаштарыбызга биз бүгүн 567 жылдыгы белгиленип жаткан Стамбулдун каратылышынын 600 жылдыгына туура келген 2053-жыл үчүн чоң жана күчтүү Түркияны калтырып кетүүгө чечкиндүүбүз»-деди.



Тектеш кабарлар