Президент Эрдоган Түркиянын жаркыраган  жылдыз болуп алдыга чыкканын айтты

Президент Эрдоган видеоконференция аркылуу өткөрүлгөн кабинет жыйынынан кийин маалымат берди.

1425289
Президент Эрдоган Түркиянын жаркыраган  жылдыз болуп алдыга чыкканын айтты

Президент Р. Т. Эрдоган жаңыдан курулган глобалдык  процессте  Түркиянын жаркыраган  жылдыз болуп алдыга чыкканын айтты.

Президент Эрдоган видеоконференция аркылуу өткөрүлгөн кабинет жыйынынан кийин маалымат берди.

Жаңы тип коронавирус менен күрөшүү болгон 2 жарым айда 5 жарым миллион жаранга материалдык жардам берилгенин белгилеген Эрдоган алдыбыздагы  процессте  да жарандардын жанында болууну улантышарын айтты.

«Мовританиядан Боливияга чейин кайда болсо болсун  эч бир жараныбызды  ээсиз калтырган жокпуз»,- деген Эрдоган Түркиядан медициналык жардам талап кылган 135 өлкөдөн 100 өлкөгө жооп беришкендерин да белгиледи.

Эпидемиянын негизинде көрүлгөн чаралар менен бейтап санында төмөндөө болгонун белгилеген президент «жаңы нормалдуу»  тартиптин негизинде кээ бир шаарлардагы кирип  - чыгууга тыюу салуунун 1 -  июндан тарта  жоюларын,  ошол эле күнү  административдик өргүү жана ийкемдүү эмгектенген коомдук кызматкерлердин да ишин баштай турганын билдирди.

Ресторан, кафе, пляж, парк, музей, китепкана, балдар бакчасы сыяктуу жерлердин да ошол күнү ачыларын, жеке спорттук  иш чаралар, ачык аба концерттерине, деңиз туризми жана транспортуна киргизилген чектөөлөрдүн  да айдын башынан тарта акырына чыгарын айткан Эрдоган : «Комендаттык саатты дагы бир канча убакыт улантууда пайда бар»,- деди.

«Биримдик, бир туугандык менен жарык келечектин бизди күтүп жатканына ишенебиз»,- деген Эрдоган : «Саясий  жана экономикалык жактан кайрадан курулган глобалдык процессте  Түркиянын дагы жакшы бир жерге келерин эмитеден  түшүнө баштадык. Түркия жаркыраган бир жылдыз катары алдыга чыгууда»,- деди.  

                                                                       

 



Тектеш кабарлар