Кабинет жыйыны эртең өткөрүлөт

Жыйында кайсы тема каралат?

1424445
Кабинет жыйыны эртең өткөрүлөт

Президенттик аппараттын кабинет жыйыны президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде эртең өткөрүлөт.

Жыйындын негизги күн тартибин коронавирустун жаңы түрү менен күрөшүү түзөт. Акыркы көрсөткүчтөргө жараша мындан кийин таштала турчу кадамдар каралат. 

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа да коронавирус менен күрөшүүгө байланыштуу кеңири маалымат берет. 

Жыйында сунуштарга баа берилип, чектөөлөрдүн алынып же алынбай тургандыгы такталат.



Тектеш кабарлар