Эрдоган: «Кудс дүйнөлүк мусулмандардын кызыл чийини болуп саналат»

Эрдоган, Палестинанын жерлеринин эч кимге берилишине жол бербей тургандыгын айтты.

1423034
Эрдоган: «Кудс дүйнөлүк мусулмандардын кызыл чийини болуп саналат»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Палестинанын жерлеринин эч кимге берилишине жол бербей тургандыгын айтты.

Президент АКШдагы мусулмандарга видеолуу Орозо айт майрамы билдирүүсүн жөнөттү. Билдирүүсүндө: «Жараткандан бул ыйык күндөрдүн Америкадагы мусулмандар менен бүткүл Ислам дүйнөсүнүн жана адамзаттын тынчтык, коопсуздук, ынтымагынын негизинде жашай турган мезгилдин сүйүнчүсү болушун тилеймин»,-деп баштаган Эрдоган, жаңы типтеги коронавирус(Covid-19) пандемия процессинин дүйнөдө эч бир аймак, улут же өлкө үчүн иерархиялар жана бөлүүчүлүктөрдүн жарактуу болбогонун көрсөткөнүн белгиледи.

«Үч диндин ыйыгы болгон, алгачкы кыбылабыз Кудс-ү Шерифтин дүйнөлүк мусулмандардын кызыл чийини болгонун дагы бир жолу кайталагым келет»,-деп эскерткен Эрдоган: «Палестинанын жерлеринин эч кимге берилишине уруксат бербейбиз»,-деп айтты.

АКШдагы мусулман жарандык коомдук уюмдардын башкы мекемеси болгон АКШнын Мусулман уюмдашуулары кеңешинин (USCMO) башкы катчысы Усаме Жемал да, «Президент Эрдогандын ушундай кыйын мезгилде көрсөткөн лидерлиги чындап эле мактоого арзырлык. Президент Эрдоган жана бүтүндөй түрк улутуна ыраазычылыгыбызды билдиребиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар