Черкес сүргүнүнө 156 жыл

Президент Р. Т. Эрдоган Черкес сүргүнүнүн 156 жылдыгынан улам билдирүү жарыялады.

1421597
Черкес сүргүнүнө 156 жыл

Президент Р. Т. Эрдоган Черкес сүргүнүнүн 156 жылдыгынан улам билдирүү жарыялады.

Эрдоган твиттерден берген маалыматта : «Ата мекендеринен сүргүнгө айдалышынын 156 -  жылында черкес бир туугандарыбыздын кайгысын тең бөлүшөм»,- деди.

Адамзат тарыхына «кара так» катары өткөн Черкес сүргүнү (1864 -  жыл 21 -  май) Падышачылык Россиянын  черкес калкын Кавказдардан сүргүнгө айдашына берилген ат.

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп да соцтармактан жарыялаган билдирүүсүндө 1864 -  жылы 21 -  майда  миңдеген  үй  - бүлөнүн аял, эркек, жаш  - кары, бала дебестен кыргындалгандыгын, 1 миллиондон ашуун черкестин ата мекенинен сүрүлгөнүн эске салып : "Черкес  сүрүгүнүн 156 -  жылында болгон бул чоң кайгыны бөлүшүп, каза болгон бардык боордошторубузду эскерем",- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар