Түрк аба жолдорунун жаңы чечими

Түрк аба жолдору учууну токтотуу чечимин узартты.

1420950
Түрк аба жолдорунун жаңы чечими

Түрк аба жолдору (THY) коронавирус пандемиясынын себебинен учууну токтотуу чечиминин ички каттамда 4-июнга, тышкы каттамда болсо 10-июнга чейин узартылгандыгын билдирди.

Түрк аба жолдорунун билдирүүсү караганда, Ковид-19 пандемиясына байланыштуу ички жана эл аралык каттамдарды токтотуу чечими узартылды.

Бул багытта Түрк аба жолдору ички каттамдарды 4-июнга чейин, эл аралык каттамдарды 10-июнга чейин токтотту.

Экинчи жагынан, чара көрүүлөрдүн алкагында рейстерде жүргүнчүлөр алып келген кабина багаждары мындан ары кабинага салынбайт жана учактын астына кабыл алынат.

Мындан тышкары, 8 килограмм салмактагы кабина багажынын жүгү жалпы багаждын чегине кошулат. Баштыктарды болсо кабинада көтөрүп жүрсө болот.

Түрк аба жолдору буга чейин ички жана эл аралык учууларды токтотуу чечимин 28-майга чейин узарткандыгын жарыялаган болчу.



Тектеш кабарлар