ТИКАдан Ооганстанга жардам
ТИКА Ооганстандагы 3000 үй-бүлөгө азык-түлүк жардамын берди.
Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) Ооганстандагы 3000 үй-бүлөгө азык-түлүк жардамын берди.
ТИКАнын азык-түлүк жардамы Кабул губернаторлугуна тапшырылды.
Губернаторлук болсо коронавирус пандемиясына каршы киргизилген чара көрүүлөрдүн себебинен жабыр тарткан Кабулда жашаган 3000 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк жардамын жеткирди.
ТИКА буга чейин Ооганстандын Саламаттыкты сактоо министрлигине Ковид-19 менен күрөшүүнүн алкагында медициналык шайман жана жабдууларды берген эле.
Мындан тышкары Забул, Хелманд, Пактика, Бамян, Перван жана Пеншир провинцияларында муктаж болгон 1500 үй-бүлөгө азык-түлүк жардамы, ошондой эле маска кол кап, дезинфекциялоочу жана суюк кол самындарынан турган гигиеналык каражаттар таратылган.
ТИКАнын билдирүүсүндө, мындан ары да дос жана боородош ооган элине колдоо көрсөтүүнүн улана тургандыгы белгиленди.
Тектеш кабарлар
Куртулмуш Израилдин Палестинадан кийин Ливанда кылган кыргындарына катуу каршы чыкты
Нуман Куртулмуш расмий сапар менен барган Орусиянын борбор шаары Москвада жолугушууларын улантууда.