Түркиянын ири долбоорлорунун бири «Ылысу» ГЭСи
ГЭСтин алты турбинасынан биринчиси салтанаттуу азем менен ишке киргизилди.
![Түркиянын ири долбоорлорунун бири «Ылысу» ГЭСи](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/7fd5/c055/536e/5ec3ed69a3be8.jpg?time=1718868504)
Түркиянын түштүк-чыгыш Анадолу долбоорунун алкагында курулган «Ылысу» суу сактагычындагы ГЭСтин алты турбинасынан биринчиси салтанаттуу азем менен ишке киргизилди.
Видеоконференция аркылуу аземге катышкан президент Режеп Таййип Эрдоган: «Ылысу суу сактагычынан соккон тынчтыктын, бир туугандыктын, гүлдөп-өнүгүүнүн жана ырааттуулуктун шамалы ушул жерлерде кылымдар бою сезилет»,- деди.
«Ылысу» суу сактагычынын экономикага жылдык салымы 2,8 миллиард лираны түзөрүн күтүп жаткандыктарын айткан Эрдоган: «Бул жерде чогулган сууларды жакында курула турган Жизре суу сактагычына калтырып 1,1 миллиард киловатт саат энергия өндүрөбүз жана 765 миң декардык жерди сугарабыз» деп айтты.
Эрдоган: «2002-жылы Түркияда 276 суу сактагыч бар эле, биз буга дагы 585 суу сактагыч коштук. 2020-жылы курулуп бүткөн 403 станцияны ишке киргизүүнү пландап жатабыз»,- деди.