Түркия 80 өлкөгө медициналык жардам көрсөттү

Түркиянын Ковид-19га каршы күрөшүүсү бүткүл дүйнөгө үлгү болду.

1418187
Түркия 80 өлкөгө медициналык жардам көрсөттү

Вице-президент Фуат Октай, коронавирус менен күрөшүп жаткан өлкөлөрдүн 70 пайызына жакыны Түркиядан жардам сураганын айтты.

Вице-президент Октай Президенттиктин комплекстинен телеконференция ыкмасы менен интернет аркылуу түз эфирге катышты.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын лидерлигинде Түркиянын Ковид-19га каршы күрөшүүсүнүн бүткүл дүйнөгө үлгү болгонуна көңүл бурган Октай, «супер күч» деп сыпатталган бир катар өлкөлөрдө дүрбөлөң жаралганын, Түркияда болсо мындай абалдын болбогонун айтты.

Октай көптөгөн өлкөнүн Түркиядан жардам сураганын белгилеп: «Дүйнөдөгү өлкөлөрдүн үчтөн экиси б.а 70 пайызына жакыны Түркиядан жардам сурап кайрылышты. Беткап, коргоочу кийим, кол кап, дем алдыруучу аппараттар сыяктуу талаптар болду. Бүгүнкү күнгө чейин бизден жардам сураган 80 өлкөгө жардам берүү мүмкүнчүлүгүн таптык»,- деди.



Тектеш кабарлар