Түркиядан Газага медициналык жардам

Медициналык жардам Газага жетти.

1417150
Түркиядан Газага медициналык жардам

Түркия тарабынан Палестинанын жаңы типтеги коронавируска каршы күрөшүүсүнө колдоо көрсөтүү үчүн жөнөтүлгөн медициналык жардам Газага жетти.

«Керм Абу Салим» чек ара бекети аркылуу Газа тилкесине жеткирилген медициналык каражаттар Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан кабыл алынат.

Ковид-19 менен күрөшүү үчүн Түркиянын Палестинага жөнөткөн медициналык каражаттарды ташыган Түрк аба жолдоруна таандык жүк ташуучу учак ​​30-апрелде Израилдин борбор шаары Тель-Авивдин жанындагы Бен Гурион аэропортуна барган.

Түркиянын Тель-Авивдеги элчилигинин жардамы менен аэропорттун жүк терминалына жеткирилген жардам каражаттары керектүү процедурадан кийин 5-майда басылып алынган Батыш Шерианын Рамалла шаарына алып барылган.

Түркиянын Кудстагы Башкы консулдугунун Убактылуу өкүлчүлүгүнүн башчысы элчи Ахмет Рыза Демирер, медициналык шаймандарды Рамалла шаарындагы Палестинанын Саламаттык сактоо министрлигинде уюштурулган аземде өткөрүп берген болчу.

Палестинанын Ковид-19 менен күрөшүүсүнө колдоо көрсөтүү үчүн жөнөтүлгөн 15 тонналык жардамдын ичинде 40 миң диагностикалык тест, 100 миң N95 маскасы, 40 миң коргоочу кийим, 100 миң кол кап, 20 миң коргоочу көз айнек, 2 миң литр дезинфекциялоочу зат, 20 миң мурун кычкылтек каннулу, 2 миң кычкылтек маскасы жана 4 ПТР аппараттары бар.



Тектеш кабарлар