Түркияда Covid-19дан айыгып чыккандар 101 миңден ашты
Фахреттин Кожа, Илимий Кеңеш менен өткөргөн жыйналышынан кийин маалымат берди.
Түркиянын жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) менен күрөшүү боюнча көргөн чараларынан оң натыйжалар алынууда.
Саламаттык сактоо министрлигинин берген маалыматына караганда акыркы 24 саатта 58 киши көз жумуп, каза болгондордун жалпы саны 3 миң 952 деп катталды.
Ушул эле мөөнөттө 33 миң 332 кишиге тест жасалып, анын ичинен 2 миң 826 кишиде вирус аныкталды.
Айыгып чыккан 2 миң 826 киши менен бирге ооруну жеңгендердин жалпы саны 101 миң 715ке жеткени маалымдалды.
Бир тараптан саламаттык сактоо министри Фахренттин Кожа, учурдагы шарттарда пандемиянын көзөмөлгө алынганын билдирди.
Фахреттин Кожа, Илимий Кеңеш менен өткөргөн жыйналышынан кийин маалымат берди.
Министр Кожа: «Пандемияны тизгиндедик. Социалдык турмушубузду көзөмөлгө алсак, андан соң жакшы күндөрдү көрөбүз»,-деди.
Тектеш кабарлар
Эрдогандын телефон дипломатиясы
Бул тууралуу Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан маалымат берилди.
Чамлыжа мунарасын 1 миллион 800 миң киши кыдырды
Мунаранын ар башка бөлүмдөрүндө атайын күндөр да болгон бир топ иш - чаралар өткөрүлүүдө.