Түркияда айрым тармактар иштей баштады

Чач тарачтар жана сулуулук салондору бүгүнкү күндөн баштап кайрадан иштей баштады.

1414741
Түркияда айрым тармактар иштей баштады

Түркиянын жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) менен күрөшүүсү ийгиликтүү уланууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда акыркы 24 саатта 47 киши көз жумуп, каза болгондордун жалпы саны 3786га жетти.

Ушул эле мөөнөттө 36 миң 187 кишиге тест жасалып, анын ичинен 1 миң 542 кишиде вирус аныкталды.

Айыгып чыккан 3 миң 211 киши менен бирге  ооруну жеңгендердин жалпы саны 92 миң 691ге жеткени маалымдалды.

Экинчи жагынан, Ковид-19 чара көрүүлөрүнүн алкагында жабылган чач тарачтар жана сулуулук салондору бүгүнкү күндөн баштап кайрадан иштей баштады.

Кечээ да 50 күндүк арадан кийин 65 жаштан жогорку курактагылардан турган топко 4 саатка көчөгө чыгууга уруксат башталган эле.

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа өзүнүн Твиттер баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, коменданттык сааттан улам бир нече убакыт бою үйлөрүндө болгон бирок кечээ төрт саатка сыртка чыгып келүү мүмкүнчүлүгүн тапкан 65 жаштан жогорку курактагы жарандарга сабырдуу болгондору үчүн ыраазычылык билдирди.

 



Тектеш кабарлар