YTBнин Британиядагы жардамы

Үйлөрүнөн чыга албаган улгайган жарандарга жана муктаж үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлүүдө.

1412949
YTBнин Британиядагы жардамы

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы (YTB) менен Англиядагы түрк жарандык коомдук уюмдардын кызматташтыгында, коронавирус менен күрөшүүнүн алкагында үйлөрүнөн чыга албаган улгайган жарандарга жана муктаж үй-бүлөлөргө жардам берилди.

YTBнин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, пандемияга каршы күрөшүү максатында демилгеленген "Диаспора Ковид-19 Колдоо жана Кызматташтык программасынын" алкагында Британиядагы Кипр Түрк Ассоциациялары кеңеши, Эл аралык Демократтар Биримдиги (UID) жана Англиядиягы кахраманмараштыктар билим берүү жана маданият коому менен биргеликте иш жүргүзүлдү.

Буга караганда, YTBнин колдоосу менен өлкөдөгү муктаж болгондорго даярдалган миңге жакын жардам кутулары таркатыла баштады.

Азык-түлүк жана гигиеналык каражаттардан турган кутулар Рамазан айында үйдөн чыга албаган улгайган жарандарга жана муктаж үй-бүлөлөргө жеткирилет.



Тектеш кабарлар