АКШ Түркияга ыракмат айтты

Алекс Азар Түркиянын коронавирус менен күрөшүүдө колдоо көрсөтүү максатында өлкөсүнө жиберген медициналык жардамдар үчүн ыракмат айтты.

1408906
АКШ Түркияга ыракмат айтты

АКШнын саламаттык сактоо жана социалдык тейлөө министри Алекс Азар Түркиянын коронавирус менен күрөшүүдө колдоо көрсөтүү максатында өлкөсүнө жиберген медициналык жардамдар үчүн ыракмат айтты.

Саламатык сактоо министри Фахреттин Кожа твиттерден берген маалыматта АКШнын саламаттык сактоо жана социалдык тейлөө боюнча министри Азар менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөндүгүн билдирди.

Министр Кожа : «Президентибиздин жолдомосу менен АКШга берилген медициналык жардамдар үчүн Азар ыракмат айтты. Түркиянын көргөн чаралары менен дарылоодо колдонулган методдорун кенен түрдө түшүндүрдүк»,- деп билдирди.

Сүйлөшүү тууралуу маалымат берген саламаттык сактоо министрлиги маалыматта эки өлкөнүн Ковид  - 19 менен күрөшүүдө жүргүзгөн илимий эмгектери, дарылоонун ыкмалары, вакцина жана дары чыгаруу иштери тууралуу пикир алышууларда болушкандарын белгиледи.

Фахреттин Кожанын Түркиянын эрте мезгилде көргөн чаралары жана дарылоодо чыгарган методдору тууралуу кенен маалымат бергендиги, Азардын да бул тажрыйба бөлүшүү үчүн ыракмат айтып, Түркия менен АКШнын илимпоздорунун биргеликте иш алып барышынын пайдалуу болорун айткандыгы маалымдалды.

Маалыматта эки министрдин бет кап, коргоочу кийим, дезинфектан, жергиликтүү дем алдыруу аппараты, кол кап сыяктуу медициналык каражаттардын Түркиядан алуу алдыдагы процессте да улантылышы үчүн биргеликте иштөөгө чечим чыгаргандыгы да белгиленди.  

АКШга Түркиядан эки башка учак менен медициналык каражат жиберилген.

 



Тектеш кабарлар