Түркия аракандык жана палестиналыктарга жардам көрсөттү

Түркия жардамга муктаж өлкөлөргө көмөк көрсөтүүдө.

1408245
Түркия аракандык жана палестиналыктарга жардам көрсөттү
diyanet gazze yardim.jpg

Түркиянын жардамдары дүйнөнүн төрт бурчуна чейин жетип жатат.

Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) Бангладештеги Кокс-Базар шаарына жакын жердеги ар кайсы лагерлерде жашаган аракандык мусулмандарга 5000 даана жардам кутусун таратты.

Кутуларда коргоочу беткап, самын, шампунь, айна, тиш пастасы сыяктуу жеке тазалоочу каражаттардын бар экени белгиленди.

Ал эми Түркиянын Диянет фонду, Израилдин блокадасына кабылган Газа тилкесиндеги жакыр үй-бүлөлөргө азык-түлүк жардамын көрсөттү. Палестинанын Фонддор жана Дин иштери министрлигине караштуу ыктыярчылар Газа шаарындагы жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жардам пакеттерин тапшырышты.



Тектеш кабарлар