Түркиянын жардам каражаттарын ташыган учагы АКШга жетти

Түркиянын медициналык жардам каражаттарын тышган учагы АКШга жетти.

1407181
Түркиянын жардам каражаттарын ташыган учагы АКШга жетти

Түркиянын жардамдары АКШга жетти.

Жаңы типтеги коронавирус (COVID-19) пандемиясынан эң көп таасирленген өлкөлөрдөн бири болгон АКШга Түркиядан жөнөтүлгөн медициналык жардамдарды ташыган аскердик жүк ташуучу учак борбор шаар Вашингтондогу «Joint Base Andrews» аскердик аэропортуна конду.

Түркиядан кечээ эртең менен учкан А400М үлгүсүндөгү жүк ташуучу учагы, АКШга хирургиялык бет кап, жүздү коргоочу калкан, N95 бет кап жана комбинезондон турган көп сандаган коргоочу медициналык каражатты алып барды.

Түрк куралдуу күчтөрүнө таандык А400М жүк ташуучу учактары мындан мурда Италия, Испания, Македония, Черногория,Сербия,Босния-Герцеговина, Косово, Англия жана Сомалиге жардам алып барган.

Түркиянын пандемия менен күрөшүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрү менен жардам колун сунган өлкөлөрдүн саны 56га жетти.



Тектеш кабарлар