Түркия АКШга тилектештик көрсөтүүдө
Түркия Ковид-19га каршы күрөшүүнүн алкагында АКШга медициналык жардам жөнөттү.
1406560
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, Түркиянын Ковид-19га каршы күрөштө НАТОдогу шериктеши АКШ менен дагы тилектештикте иш алып барып жаткандыгын айтты.
Алтун Твитерден кечээ бөлүшкөн маалыматта, Түркиянын досторуна жана шериктештерине медициналык жардам жөнөтүүнү улантып жатканына көңүл буруп: «500 миң хирургиялык беткап жана миңдеген ар кандай коргоочу каражаттар шейшемби күнү АКШдагы Эндрюс аба базасына барган болот. Биз Ковид-19га каршы күрөшүүдө НАТОдогу шериктешибиз АКШга дагы колдоо көрсөтүүдөбүз»,- деген сөздөргө орун берилди.