Эрдоган:«Кайрадан курула турган дүйнөдө Түркия 2023-жыл максаттарынан дагы илгери болот»

Эрдоган, 5-ирет видеоконференция ыкмасы менен өткөрүлгөн Президенттик кабинет жыйналышынан кийин маалымат берди.

1406386
Эрдоган:«Кайрадан курула турган дүйнөдө Түркия 2023-жыл максаттарынан дагы илгери болот»

 

Президент Режеп Таййип Эрдоган, «глобалдык апаат» жаңы типтеги коронавирус СOVID-19 себеп  болгон Түркиядагы оорукчандар жана каза тапкандардын саны күн өткөн сайын азайып баратканын айтты.

Эрдоган, 5-ирет видеоконференция ыкмасы менен өткөрүлгөн Президенттик кабинет жыйналышынан кийин маалымат берди.

Өлкө жана улут катары коронавирус пандемиясына каршы жүргүзүлгөн так натыйжалар алына баштаган мезгилге кирилгенин белгилеген Эрдоган, жаңы жуктуруп алгандардын жана каза болгондордун саны  күн өткөн сайын азайып баратканын маалымдады.

«Бул процессте эч ким жаман абалда калтырылбай, оорукана каалгасынан артка кайтарылбай, коргоосуз калтырылган жок»,-деп айтып, Түркиянын 55 өлкөгө пандемия менен күрөшүү максатында медициналык каражат жардамын бергенине токтолду.

Президент: «Эң акырында АКШга бет кап, жүздү коргоочу калкан, N95 бет кап, комбинезон жана антисептиктен турган медициналык жардам каражаттарын эртең жөнөтөбүз»,-деп айтып,бул каражаттарды ташыган Түрк куралдуу күчтөрүнө таандык аскердик жүк учактарынын эртең АКШга багыт ала турганын маалымдады.

Пандемия менен күрөшүүнүн алкагында 31 облустта аптанын акырында көчөгө чыгууга тыюу салуунун Орозо айт майрамына дейре улана турганын баса белгилеген Эрдоган: «Оң көрүнүш уланган учурунда жалпы өлкөдө жашоону нормага айландыруу үчүн пландоо даярдап жатабыз»,-деп айтты.

Президент кризистен кийин кайрадан курула турган дүйнөдө Түркиянын 2023-жыл (Республиканын жарыяланышынын 100 жылдыгы) максаттарынан дагы илгери абалга жете турганына чын жүрөктөн ишенгенин айтты.



Тектеш кабарлар