Түркияда Covid-19дан айыгып чыккандар көбөйүүдө

Айыгып чыккандардын саны 25582ге жетти.

1405166
Түркияда Covid-19дан айыгып чыккандар көбөйүүдө

Түркияда жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19)  себебинен каза болгондордун саны 2706га  жетти.

Саламаттык сактоо министрлигинин берген маалыматына караганда акыркы 24 саатта 106 киши көз жумуп, каза болгондордун жалпы саны 2706га жогорулады.

Ушул эле мөөнөттө 38 миң 308 кишиге тест жасалып, анын ичинен 2 миң 861 кишиде вирус аныкталды.

Бүгүн айыгып чыккан 3845 киши менен бирге  айыгып чыккандардын жалпы саны 25 миң 582ге жеткени маалымдалды.

 


Этикеткалар: #Түркияда

Тектеш кабарлар