Министр Кожа учурдагы көрсөткүчтөр пандемиянын тизгинделгенин көрсөтүп турганын баса белгиледи

Саламаттык сактоо министри Фехреттин Кожа, бүгүн айыгып чыккан 1559 киши менен бирге жалпы айыгып чыккандардын саны 16 миң 447ге  жеткенин маалымдады.

1403668
Министр Кожа учурдагы көрсөткүчтөр пандемиянын тизгинделгенин көрсөтүп турганын баса белгиледи

Түркияда жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19)  себебинен каза болгондордун саны 2376га жогорулады.

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, Илимий кеңеш менен өткөргөн жыйналыштан кийин берген маалыматында акыркы 24 саатта  Covid-19дун себебинен 117  киши каза таап, каза болгондордун жалпы саны 2376га жеткенин айтты.

Министр Кожа, ушул эле мөөнөттө жалпы 37 миң 535 кишиге тест жасалып, анын ичинен 3 миң 83 кишиде вирус аныкталганын белгиледи.

Кожа, бүгүн айыгып чыккан 1559 киши менен бирге жалпы айыгып чыккандардын саны 16 миң 447ге  жеткенин маалымдады.

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, чара көрүүлөр ишке ашырылган сайын жуктуруп алгандар жана каза болгондор азайганын, учурдагы көрсөткүчтөр пандемиянын тизгинделгенин көрсөтүп турганын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар