Кыргызстандагы түрк жарандары эвакуацияланды

300 түрк жараны түрк аба жолдоруна таандык учак менен Түркияга алып келинди.

1402557
Кыргызстандагы түрк жарандары эвакуацияланды

Жаңы тип коронавирус эпидемиясынан улам өзгөчө кырдаал жана 20:00 – 08:00 коменданттык саат киргизилген Кыргызстандагы түрк жарандары эвакуацияланды. Эвакуациянын негизинде Түркия Кыргызстанга түрк аба жолдоруна таандык учак жиберди.

300 түрк жараны түрк аба жолдоруна таандык учак менен Түркияга алып келинди.  

Кытайда ортого чыккан Ковид  - 19 эпидемиясы глобалдык масштабда жайылып, Кыргызстанда биринчи вирус жугузган киши Жалалабад облусунда 18 -  мартта аныкталган.

Кыргызстанда ылдам жайыла баштаган коронавирус менен күрөшүүнүн негизинде чек аралар жабылып, каттамдар токтотулган.

Бир тараптан Ирактын борбор шаары Багдаттагы жана Ковид  - 19 вирусунан улам Түркияга алып келинген 366 түрк жараны Диярбакыр жана Батмандагы жатканаларга жайгаштырылды. 

 



Тектеш кабарлар