Кытайлык балдар 23 - Апрель балдар фестивалына карата куттуктоо жиберишти
Эл аралык балдар фестивалына катыша албаган кытайлык балдар видео билдирүү менен 23 - Апрель улуттук эгемендик жана балдар майрамы менен куттуктады.
Бул жылы 23 - Апрель эл аралык балдар фестивалынын Измирдин Газиемир районунда өткөрүлүшү пландалып жаткан. Дүйнөгө жайылган коронавирустун айынан фестиваль өткөрүлбөй турган болду.
Эл аралык балдар фестивалына катыша албаган кытайлык балдар видео билдирүү менен 23 - Апрель улуттук эгемендик жана балдар майрамы менен куттуктады.
Газиемир мэриясынан берилген маалыматта райондо өткөрүлүшү пландалган 23 - Апрель эл аралык балдар фестивалынын жоюлушунан кийин Түркияга келе албаган Кытайдын Шуангду аймагынын Ченгду шаарындагы Бонгшенг башталгыч мектебинин окуучулары Газиемирге видое билдирүү жибергендиги билдирилди. Окуучулар видеодо бул көз караштарын бөлүштү : «Вирус бизди карантинге алды бирок бул абал достугубузга тоскоол боло албайт. Ар дайым бири бирибизди колдоп, бирдикте иштейбиз. Келерки жазда балдар фестивалына катышуу жана майрамдоо үчүн сабырсыздык менен күтөбүз. Бактылуу балдар майрамы, бактылуу Түркия, бактылуу Измир».
Газиемир мэри Халил Арда да эки өлкөнүн ортосундагы достук жана тилектштиктин эпидемиядан кийин калган жерден улантыларын билдирди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Казакстандын премьер-министрин кабыл алды
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Анкарага келди.