Тышкы иштер министрлигинин COVID-19 кызматы

«Координация жана колдоо борбору» 14-марттан бери иштеп жатат.

1399016
Тышкы иштер министрлигинин COVID-19 кызматы

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги, жаңы типтеги коронавирус пандемиясы менен күрөшүүнүн алкагында жүргүзүп жаткан иш-аракеттерин үзгүлтүксүз улантууда.

Министрликтин Твиттер баракчасында жарыяланган маалыматка караганда, дүйнөнүн бардык жеринен келген чалууларга күнү-түнү жооп берген Консулдуктун байланыш борборунун карамагында түзүлгөн «Координация жана колдоо борбору» 14-марттан бери иштеп жатат.

Пандемиянын бардык жактары үчүн жооптуу болгон бул борбор, жарандардын суроолоруна жооп берүүнү жана аларды тиешелүү жерлерге багыттоону улантууда. Ушул алкакта бүгүнкү күнгө чейин 53 миң чалууга жооп берилди.

Министрлик, е-консулдук аркылуу да жарандарга жардамчы болууну улантууда.



Тектеш кабарлар