НАТОнун коргоо министрлери видеоконференция аркылуу жыйын өткөрүштү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар жыйынга катышып сөз сүйлөдү.

1399168
НАТОнун коргоо министрлери видеоконференция аркылуу жыйын өткөрүштү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, жаңы типтеги коронавирус менен күрөшүүнүн алкагында видеоконференция ыкмасы менен өткөрүлгөн НАТОнун коргоо министрлеринин жыйынына катышты.

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, биринчи жолу Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТОнун штабында видеоконференция аркылуу өткөрүлгөн жыйын, НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин сөз сүйлөөсү менен башталды.

Ковид-19 менен күрөшүү темасы каралган жыйынга катышып сөз сүйлөгөн Акар, Түркияда аткарылып жаткан чара көрүүлөргө, колдонулган улуттук мүмкүнчүлүктөр менен дос жана шериктештерге көрсөтүлгөн колдоолорго басым жасады.

Министр Акар, жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин жана операциялардын болсо учурдагы процесстен таасирленбестен уланып жаткандыгын билдирди.

Жыйында коргоо министрлери тарабынан НАТО жана шериктештердин пандемияга карата чара көрүүлөрү талкууланды. Ошондой эле пандемиянын коопсуздук кризисине айланбашы үчүн таштала турчу кадамдар, пандемия кризисинин орто жана узак мөөнөттүү таасирлери каралып чыкты.



Тектеш кабарлар