Түркияда коронавирус дагы 96 кишинин өмүрүн алды, 296 бейтап айыгып чыкты...
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымат берди.
1394911
Түркияда жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19) себебинен каза болгондордун саны 908ге жогорулады.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда акыркы 24 саатта дагы 96 киши каза таап, каза болгондордун жалпы саны 908ге жогорулады.
Акыркы 24 саатта жалпы 28 миң 578 кишиге тест жасалып, анын ичинен 4 миң 56 кишиде вирус аныкталды.
Бүгүн айыгып чыккан 296 киши менен бирге жалпы айыгып чыккандардын саны 2142ге жеткени маалымдалды.
Тектеш кабарлар
Ирактын түндүгүндө 2 террорист жок кылынды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен маалымат берилди.