Эрдогандын Берат түнүнө карата билдирүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Твиттер баракчасынан Берат түнүнө карата билдирүү жарыялады.

1393591
Эрдогандын Берат түнүнө карата билдирүүсү

Берат түнү  жаңы типтеги коронавирус чара көрүүлөрүнүн алкагында мечиттердин ордуна үйлөрдө дубалар менен өткөрүлдү.

Президент Режеп Таййип Эрдоган Берат кечесинин түрк улуту, Ислам дүйнөсү жана бүтүндөй адам баласы үчүн жакшылыктарды алып келишин тиледи.

Эрдоган Твиттер баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө: «Касиеттүү Берат түнүнүн улутубуз, Ислам дүйнөсү жана бүтүндөй адам баласы үчүн жакшылыктарды алып келишин Раббимден тилеймин. Түнүбүз маарек болсун!» деди.

Эрдоган билдирүүсүндө, Духан сүрөөсүнүн «Ал түнү Биздин буйругубуз менен бардык анык иштер ажыратылат» деген сөздөрдү камтыган 4-аят орун алган көрүнүштү да бөлүштү.



Тектеш кабарлар