Диярбакырда террордук кол салуу болду

Кол салууда 5 жаран каза тапты.

1393635
Диярбакырда террордук кол салуу болду

 Диярбакырдын Кулп районунда отун чогултуу үчүн барган айылдыктарга ПККнын терроисттери кол салып, 5 жаран каза тапты.

Облустук акимчиликтен берилген маалыматка караганда Кулп районунун Гүлеч мааласында эрте мененки сааттарда токойго бара жаткан жарандар болгон унаа жолдон өтүп бара жатканда ПКК террордук уюмдун террористтери колдо жасалган жарылуучу заттарды жардыргандыгы белгиленди.

«Кулптагы террордук кол салууда 5 жаран шейит болду»,- деп билдирилген маалыматта кол салгандардын аныкталышы жана кармалышы үчүн  коопсуздук күчтөрү тарабынан операциянын баштатылгандыгы билдирилди.

Маалыматта шейит болгон жарандар үчүн үй  - бүлөлөрүнө, жакындарына жана түрк калкына көңүл айтылды.

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар ТРТ Хаберге берген маалыматта Кулптагы террордук кол салуу тууралуу : "Күрөшүбүз өлкө ичинде, өлкө тышында улантылууда. булардын эсебин сөзсүз түрдө беришет",- деди. 

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп кол салуу тууралуу твиттерден маалымат берип : "ПКК террордук уюму өзүнүн жүзүн дагы бир жолу көрсөттү. Татыктуу болгон жооп сөзсүз түрдө берилет",- деди. 

 

 

 



Тектеш кабарлар