Чавушоглу видеоконференция аркылуу НАТОнун жыйынына катышат
Жыйындын негизги күн тартибин Ковид-19 менен күрөшүүдө кызматташтык жана тилектештик түзөт.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жаңы типтеги коронавирус пандемиясынын себебинен алгач ирет виртуалдык чөйрөдө өткөрүлө турган НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышат.
Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда министр Чавушоглу Ковид-19 чара көрүүлөрүнүн алкагында бүгүн уюмдун тарыхында биринчи жолу видеоконференция ыкмасы менен өтө турган НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышат.
Негизги күн тартибин Ковид-19 менен күрөшүүдө кызматташтык жана тилектештик түзө турган жыйында, Ооганстан жана Ирактагы кырдаалдан тышкары НАТОнун саясий ролунун күчтөндүрүлүшү жана уюмдун күн тартибиндеги темалардын да карала тургандыгы билдирилди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.