Кожа: «Бул элдин ден-соолугу үчүн жүргүзүлгөн күрөш. Стратегиябыз туруктуу жашоо»

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, Илимий Кеңеш менен болгон жыйналыштан кийин маалымат жыйын өткөрдү.

1389436
Кожа: «Бул элдин ден-соолугу үчүн жүргүзүлгөн күрөш. Стратегиябыз туруктуу жашоо»

Түркияда жаңы типтеги коронавирустун  (СOVID-19) себебинен каза болгондордун саны 277ге жогорулады.

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, Илимий Кеңеш менен болгон жыйналыштан кийин маалымат жыйын өткөрдү.

Акыркы 24 саатта 63 кишиден ажырагандарын жарыялаган министр Кожа, ушул эле мөөнөттүн ичинде 14 миң 396 тест жасалып, анын ичинен 2 миң 148 жаңы бейтап аныкталганын билдирди.

Бул сандар менен каза тапкандардын саны 277, жуктуруп алгандардын саны 15 миң 697 болду. СOVID-19дан дарыланып айыгып чыккандардын саны 333 кишиге жетти.

Министр Кожа: «Бейтаптарыбыздын арасындагы каза тапкандардын катышы 1,58 пайыз. Бул жагынан алганда бир топ өлкөга салыштырмалуу көрсөткүч төмөн»,-деди.

Бул күрөштө изоляциянын шарт болгонун да баса белгилеген Фахреттин Кожа: «Бул элдин ден-соолугу үчүн жүргүзүлгөн күрөш болуп саналат. Стратегиябыз туруктуу жашоо болушу керек»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар