Сириядагы "Тынчтык булагы" аймагында 9 террорист жок кылынды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлиги маалымат бөлүштү.
1388369
Сириядагы "Тынчтык булагы" аймагында жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө 9 террорист жок кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинин жарыясында ПКК/ЙПГга мүчө террористтеринин "Тынчтык булагы" аймагына кирүүгө аракет кылганы билдирилди.
Анда, "ПКК/ЙПГга мүчө 9 террорист баатыр десанттарыбыздын ийгиликтүү операциясы менен жок кылынды.Аймакта тынчтык жана бакубаттыктын уланышы үчүн ар түрдүү чара көрүүлөр улантылат",делди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.