Эмине Эрдоган жаштарды кары-картаңдарды коргоого чакырды

Эмине Эрдоган, социалдык медиа барагы Твиттерден бөлүшүүсүндө жаштарга кайрылды.

1387142
Эмине Эрдоган жаштарды кары-картаңдарды коргоого чакырды

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган, жаштарга жаңы типтеги коронавирус (COVID-19) санааркоосу менен үйдөн чыкпоолору керек болгон картаңдарды коргоп, колдоо чакырыгын салды.

Эмине Эрдоган, социалдык медиа барагы Твиттерден бөлүшүүсүндө жаштарга кайрылды.

Бөлүшүүсүндө: «Бул жугуштуу ооруга каршы эң коргоосуз топ катары аныкталган улгайгандарды коргош үчүн эми колдошуунун убагы»,-деп айткан Эмине Эрдоган: «Өмүр бою бизди коргоп, колдоп келген, бизден эч нерсесин аябаган кары-картаңдарыбызды коргоонун кезеги эми бизде»,-деди.

Эмине Эрдоган: «Үйдөн чыкпоолору керек болгон бул процессте аларга сүйүү жана кечиримдүү мамиле көрсөтүп, бул татаал процессти үйлөрүндө дагы коопсуз өткөрүүлөрүн камсыздай алабыз. Аларды санаага салбай жана көңүлүн чөктүрбөй социалдык изоляциянын себептери темасында маалымат бере алабыз. Бул процессте соода жана башка муктаждыктар үчүн каалгаларын черте алабыз, өздөрүн жалгыз жана санааркаган абалда сезбөөлөрү үчүн аларга тез-тез телефон чалып алардын ал-абалын сурай алабыз, суроолорун уга алабыз, көңүлдөрүн көтөрө алабыз. Ал эмес аларга китеп дагы окуп бере алабыз»,-деп жазды.

Бул учурда президент Режеп Таййип Эрдоган, жубайы Эмине Эрдогандын жаштарга кары-картаңдарды коргоо үчүн жасаган колдошуу чакыруусун колдоду.

Президент Эрдоган, жубайы Эмине Эрдогандын видеолуу бөлүшүүсүн Твиттер барагынан бөлүштү.



Тектеш кабарлар