Түркиянын чет өлкөлөрдөгү студенттерди эвакуациялоо иштери аяктады

2721 студент Түркияга алып келинди.

1384663
Түркиянын чет өлкөлөрдөгү студенттерди эвакуациялоо иштери аяктады

Вице  - президент Фуат Октай Түркияга кайтууну каалаган студенттерди эвакуациялоо иштеринин аяктагандыгын жарыялады.

Фуат Октай соцтармак твиттерден коронавирус менен күрөшүүнүн негизинде Түркияга карата каттамдарын токтоткон өлкөлөрдө убактылуу жашап жаткан студенттер тууралуу маалымат берди.

Кайтууну каалаган студенттерди эвакуациялоонун аяктагандыгын билдирген Октай : «Өлкөбүзгө карата каттамдарын токтоткон Британия, Ирландия, Швейцария, Польша, Италия, Египет жана Түндүк Кипр Түрк Республикасында убактылуу жашап жаткан жана кайтууну каалаган студенттерибизди эвакуациялоо иштери аяктап, 2721 студентибиз Түркияга алып келинди»,- деди.



Тектеш кабарлар