Түркияда коронавирус
Түркияда жаңы типтеги коронавирустан каза тапкандардын саны 44кө жетти.
1384409
Түркияда жаңы типтеги коронавирустан каза тапкандардын саны 44кө жетти.
Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа Твиттерден берген маалыматында: «7 оорулуубуз көз жумду, жаңы 343 бейтап катталды»,-деди.
Министр Кожа, акыркы 24 сааттын ичинде 3 миң 952 тесттин жыйынтыгы чыкканын, вирусту жугузуп алгандардын саны 1 миң 872ге жеткенин да билдирди.
Министр Кожа: «Каза тапкандар катталып жатса да Түркия үчүн кеч эмес. Чара көрүүлөр бул өсүүнү токтотушу мүмкүн»,-деп айтты.