Түркияда үйдөн чыкпоого чакырыктар уланууда...

Президент Режеп Таййип Эрдогандан соң, президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калындан дагы "үйдөн чыкпоо" чакырыгы салынды.

1382769
Түркияда үйдөн чыкпоого чакырыктар уланууда...

Президент Режеп Таййип Эрдогандан элге «үйдөн чыкпоонуу улантуу» чакыруусу...

Президент Эрдоган, Твиттерден жарыялаган билдирүүсү менен «Көңүлүңөрдү чөгөрбөгүлө. Мамлекетибиз бардык мекемелери менен милдетин аткарууда, убакыт түшүнүгүнө карабастан улутубузга кызмат кылууда»,-деди.

Президент Эрдоган буарга токтолду: «Бул кыйын кезеңден буюрса бардыгыбыз бирге ашып өтөбүз. Биз эрежелерге, багыттоолорго баш ийели жана сөзсүз үйлөрүбүздөн чыкпоону уланталы. Керек болсо саламаттык сактоо жаатында керек болсо саламаттык сактоодон тышкаркы бардык инструменттер колубузда бар».

Дагы бир «үйдөн чыкпа» билдирүүсү президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калындан келди.

Калын, Твиттер юарагынан берген жарыясында бүгүндөн баштап дүйнөдө жуктуруп алгандардын саны 300 миңге, каза тапкандардын саны 13 миңден ашканын белгиледи.

Пандемиянын ылдамдыгы токтотобогонуна көңүл бурган Калын, буларга токтолду: «Бардыгыбыз дагы кылдат болушубуз керек. Улгайгандарыбызды таарынтпастан эскертели, эрежелерге бирге баш ийели. Үйдө кал жана күрөшүүгө салым кош. Башка жол жок. Биргелешип ийгиликке жетишебиз. «мага эчтеке болбойт, мен жашмын, деним сак, үйдө тажадык, тышка чыгалы, бардыгы үйлөрүндө, биз чыксак болот» дегендер,өздөрүнө жана чөйрөсүндөгү адамдарга эң чоң зыянды тийгизген болот. Чара көрүү тандоо эмес зарылдык болуп саналат. Кайдыгерликтин чыгымы оор болот».



Тектеш кабарлар