Террор менен күрөш уланып жатат

Аймактагы тынчтык жана ырааттуулуктун сакталышы үчүн операциялар үзгүлтүксүз уланат.

1381273
Террор менен күрөш уланып жатат

Сирияда «Тынчтык булагы» операциясы жүргүзүлгөн аймакка кирүүгө аракет кылган жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГге мүчө 3 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, «Тынчтык булагы» операциясы жүргүзүлгөн аймакка кирүүгө аракет кылган жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГге мүчө 3 террористтин жок кылынгандыгы кабарланды.

Аймактагы тынчтык жана ырааттуулуктун сакталышы үчүн операциялардын үзгүлтүксүз улана тургандыгы билдирилди.

Бир тараптан Ирактын түндүгүндөгү лагерлерден качкан террордук уюм ПККга мүчө 3 террорист Силопиде багынып берди.

Улуттук коргоо министрлигинин маалыматында, террордук уюм ПККдан качуулардын уланып жаткандыгы белгиленди.

Маалыматта: «Ирактын түндүгүндөгү лагерлерден качкан 2 террорист Силопиде, Сириянын түндүгүндөгү террордук топтордон качкан 1 террорист да Нусайбиндеги чек ара бөлүктөрүнө багынып беришти» деген сөздөргө орун берилди.



Тектеш кабарлар