Президент Эрдоган 18-Март Чанаккале деңиз согушунун 105 жылдыгынан улам өз билдирүүсүн жарыялады

18-Март Чанаккале деңиз согушунун 105 жылдыгы белгиленип жатат.

1380377
Президент Эрдоган 18-Март Чанаккале деңиз согушунун 105 жылдыгынан улам өз билдирүүсүн жарыялады

Президент Режеп Таййип Эрдоган Чанаккаледе бир кылым мурда болгон күрөштү түшүнбөгөндөр учурда Түркияга багытталган коркутууларга каршы туруудагы туруктуулук жана чечкиндүүлүктү түшүнүүлөрүнүн да мүмкүн болбой тургандыгын белгиледи.

Президент Эрдоган 18-Март Шейиттерди эскерүү жана Чанаккале деңиз согушунун 105 жылдыгынан улам өз билдирүүсүн жарыялады.

Эрдоган билдирүүсүндө, 105 жылдыгы белгиленип жаткан Чанаккале жеңишинин, түрк улутунун биримдик жана ынтымак ичинде, мекен жана улут сүйүүсүнүн негизинде жетишилгендигин белгиледи.

Чанаккале жеңишинин көп кыйынчылыктарга карабастан, улуттун көз карандысыздыгын, кадыр-баркын жана мекенин коргош үчүн жанын аябагандарын көрсөткөн даңазалуу дастан экенине көңүл бурган Эрдоган: «Чанаккаледе бир кылым мурда эмнелер болгондугун билбегендер, жүргүзүлгөн күрөштү түшүнбөгөндөр, учурда мекенибизге багытталган коркунучтарга каршы күрөшүүбүздөгү туруктуулук жана чечкиндүүлүктү түшүнүүлөрү да мүмкүн эмес»,-деди.

Чанаккале согуштары, Биринчи Дүйнөлүк согуш убагында 1915-1916-жылдарда Гелиболу жарым аралында Осмон империясы менен Антанта мамлекеттеринин ортосунда болгон деңиз жана кургактык согушу болуп саналат.

Чанаккаледе жетишилген жеңиш, Боштондук күрөшүндө жана Түркия Республикасынын курулуусунда маанилүү роль ойногон.



Тектеш кабарлар