Лидерлердин Төрттүк саммити аяктады

Саммит дүйнөдө ишке ашырылып жаткан коронавируска чара көрүүлөрдүн себебинен видеоконференция ыкмасы менен ишке ашты.

1379986
Лидерлердин Төрттүк саммити аяктады

Президент Режеп Таййип Эрдоган,Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Германиянын канцлери Ангела Меркель жана Англиянын премьер-министри Борис Жонсондун ортосунда болгон Сирия саммити аяктады.

Дүйнөдө ишке ашырылып жаткан коронавируска чара көрүүлөрдүн себебинен видеоконференция ыкмасы менен ишке ашкан саммитте 10 жылдан бери жарандык согуштун чеңгелинде калган Сириядагы акыркы абал каралды.

Төрттүк саммитте Сириянын Идлиб аймагына карай гуманитардык жардам жеткирүүнүн ыкмалары, баш калкалоочу маселеси, Ливиядагы акыркы абал, коронавирус менен күрөшүүдө биргелешип иш-алып баруу мүмкүнчүлүктөрү, Европа Биримдигинин абалы жана Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштары каралды.



Тектеш кабарлар