Умрадан Түркияга кайткан бир кишиде коронавирус аныкталды
Бул акыркы бейтап менен бирге Түркияда Ковид-19ду жуктуруп алгандардын саны 6 кишиге жетти.
1378315
Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, акыркы бир аптанын ичинде Сауд Арабиядан умрадан кайткан бир атуулдун жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) анализинин позитив болуп чыканын жарыялады.
Министр Кожа, Твиттер барагынан берген маалыматында умрадан кайткан атуулдардын 14 күн эрежесине баш ийүүлөрү керектигин белгилеп, буларга токтолду: «Акыркы бир аптанын ичинде кайтып келген бир атуулубуздун анализи тилекке каршы позитив болуп чыкты. Жаңы жуктургандар болушу мүмкүн деп шек санап жатабыз. Зыяратка келгендерди кабыл албооңуздарды суранам. Ден-соолук текшерүүсүнөн өтүү тобокелчилик жок болду деген түшүнүктү бербейт».
Бул акыркы бейтап менен бирге Түркияда Ковид-19ду жуктуруп алгандардын саны 6 кишиге жетти.