Идлибде түрк-орус биргелешкен күзөтү ишке ашты
Орто эсеп менен 80 чакырымдык аралыкта болуучу күзөт иштери менен ок атышпоонун туруктуу абалга келтирилиши пландалууда.
Сириянын Идлиб аймагындагы М4 автожолунда кургактык жана аба күчтөрүнүн бөлүктөрүнүн катышуусунда 1-түрк-орус биргелешкен кургактык күзөтү ишке ашты.
Улуттук коргоо министрлигинин жарыясына караганда, «Москва меморандумунун алкагында Идибдеги М4 автожолунда кургактык жана аба күчтөрүнүн бөлүктөрүнүн катышуусунда 1-түрк-орус биргелешкен күзөт иштери аткарылды»,делди.
Орто эсеп менен 80 чакырымдык аралыкта болуучу күзөт иштери менен ок атышпоонун туруктуу абалга келтирилиши пландалууда.
Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин ортосунда 5-мартта Москвада болгон жыйналыштан кийин Идлибде ок атпоо темасында макулдашылган.
Тектеш кабарлар
Ирактын түндүгүндө 2 террорист жок кылынды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен маалымат берилди.