Түркияда коронавирус жугузган үч киши дагы аныкталды

Белгиленген бейтап саны бешке жогорулады.

1377994
Түркияда коронавирус жугузган үч киши дагы аныкталды

Түркияда дагы үч кишиде коронавирус чыкты. Белгиленген бейтап саны бешке жогорулады.

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа борбор шаар Анкарада берген маалыматында коронавирус чыккан бул үч кишинин биринчи бейтаптын карантинге алынган үй  - бүлө жакындарынан экендигин айтты.

Көрүлгөн чаралардын негизинде дүйнөгө жайылган коронавирус коркунучунун 3 ай Түркиядан алыс болгондугун айткан саламаттык сактоо министри : «Көрүлгөн чараларга баш ийип жана жайылууга тоскоол болсок турмуш калыбына келет»,- деди.



Тектеш кабарлар